Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Оштогу баңгилердин 67 пайызы мектептен эле маңзатын пайдаланышкан


ОШ. Облустук наркодиспансердин башкы дарыгери Мамасабыр Буркановдун демилгеси менен, азыр дарыланып жаткан 350 баңгинин оорусунун таржымалы толук иликтөөгө алынды. Өздөрү менен жекеме-жеке аңгемелешүүлөр жүргүзүлдү. Натыйжада 350 баңгинин 234тү, тактап айтсак, 67 пайызы маңзатты алгачкы жолу мектеп жашында тарткан экен. Андыктан Мамасабыр Бурканов баңгиликтин алдын алуу иш чарасын оболу мектептердее баштоону сунуштап, республиканын саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтерине кат даярдоодо. Анын ою боюнча, маселен, ботаника сабагында каракуурай баштаган өсүмдүктөр тууралуу кенен-чонон окутулуп, маңзаттын зыяндуулугун ашкерелөө керек. Зоология, анатомия сабактарында жаныбарларга, адамдарга маңзаттын тийгизген залакасы чечмеленип, химия сабагында болсо маңзаттардын химиялык зыяндуулук касиеттери окутулушу абзел.

XS
SM
MD
LG