БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Граждандык процессуалдык кодекс» жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мыйзамга кассациялык инстанция институту киргизилди. Бул биринчи инстанциядагы сот чечимдерин кароо милдетин алат. Ошондой эле облусттук соттордун президиумдары жоюлду. Талкууга Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов катышты.