Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстандыктар Роналд Рейган тууралуу


БИШКЕК. АКШнын мурдагы президенти Рональд Рейгандын сөөгү эртең жерге берилет. 93 жашында көз жумган экс-президенттин өлүмүнө байланыштуу АКШда беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Социалисттик системанын тушунда бийликте турган президенттин көз жумушуна байланыштуу анын жүргүзгөн саясатына карата кыргызстандыктар ар кыл пикирлерди айтышууда. Маселен, демократиялык өнүгүүнү жактаган саясатчы Зайнидин Курмановдун пикиринде, Рейган антикоммунисттик көз караштагы саясатчы болгону менен дүйнөдөгү карама-каршы эки державаны тең салмакта кармап турууга кудуреттүү, чыгаан лидер болгон. Ал эми коммунисттик партиянын жетекчилеринин бири Орозбек Дүйшеев Рейганды «эл душманы» катары сыпаттады. Расмий бийлик болсо Рейгандын өлүмүнө байланыштуу АКШ бийлигине көңүл айтуу жолдогондугу тууралуу маалымат тарата элек.

XS
SM
MD
LG