Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Эл аралык эксперттер коррупциянын абалын иликтешти


БИШКЕК. Кыргызстанга ушул апта башында келген акыйкат башкаруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык эксперттердин миссиясы өз ишин аяктады. Буга чейин аталган миссия өкмөт башчы Николай Танаев, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков, бардык тартип коргоо орган жетекчилери, массалык маалымат, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын Бишкек кеңсесинен алынган маалыматка караганда, эксперттер кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык ЮСАИД, ЕККУ, БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен келишти. Алар эртең Бишкекте иш сапардын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрөт. Андан соң алар бийлик бутактарынын бардык баскычтарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өз сунуш, пикирлерин иштеп чыгышат. Миссиянын курамында Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын мамлекеттик башкаруу боюнча кеңешчиси Бенжамин Ален, Македониядагы коррупцияны азайтуу боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Слагана Тасева жана Германиядан Трансперенси Интернешнл уюмунун өкүлү Стиан Кристенсен бар.

XS
SM
MD
LG