Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Жыйындын катышуучуларынын пикирлери


ЧОЛПОНАТА. Президент Аскар Акаев Кыргызстандын мисалында жакырчылыктан чыгуунун жолдору үлгү болуш керек деген пикирин айтты. Каитсура Матсура андан кийин чыгып сүйлөп, өткөөл мезгилде бул Борбордук Азия өлкөлөрүндө конфликт, сепаратизм болбош үчүн биригүү жараяны күчөшү зарыл деген пикирин айтты. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов глобалдаштыруунун терс жактарынан этияттаныш керек, ошондой эле Борбордук Азияда теңата кызматташуу жүрсө жакшы болот эле дегендей кылып айтты. Ирандын вице-президенти Махаммед Али Аптахи терроризмди, жалпы эле конфликттерди болтурбоо үчүн ар кандай аракеттерди жасаш керек деди. Казакстандын вице-премьер-министри Берганым Айтимова, Азербайжандын вице-премьер-министри Элчин Эсендиев, бийлик өкүлдөрү, ЕККУнун Борбордук Азия боюнча төрагасынын өкүлү Марти Ахтисаари жана башка ырасмий өкүлдөр сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG