Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:36

Россиянын кесиптик бирикмелери нааразылык акциясын өткөрүштү


Демонстранттар маяналар боюнча карыздарды төлөп берүүнү, жумушчулардын маянасын жогорулатууну, пенсионерлер менен майыптар үчүн каралган жеңилдиктерди кайра карап чыгуу пландарынан баш тартууну талап кылышууда. Россиянын көз карандысыз профсоюздар федерациясынын төрагасы Михаил Шмаков акция жөнүндө буларды билдирди:

- Биз өкмөт тарабынан Думага сунуш этилген мыйзам долбоорлоруна каршы чыгуудабыз. Алар социалдык кепилдиктерди жок кылууга багытталган.

Өкмөт болсо коррупцияга жол берген советтик социалдык системаны алмаштырыш керек деген көз карашта.

Өлкөнүн вице-премьери Александр Жуков профсоюздардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуудан кийин мындай деди:

- Биз албетте, орток тил таба алабыз. Бири бирибиздин турумубузду түшүндүрүп, камтамычылыктарды жоё турган чечимге келе алабыз.

XS
SM
MD
LG