Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:58

Жалалабадда күйдүргүгө чалдыккан деп шектелгендер ооруканага жаткырылды


ЖАЛАЛАБАД. Сузак районунун Таранбазар жана Түркабад айылдарынын 6 тургуну ылаңдаган малдын этин жеген деген шек менен ооруканада дарыланууда. Аларга күйдүргү оорусунун тери формасы жугушу мүмкүн. 11-июнда облустук санитардык эпидемиологиялык станциядан алынган маалымат боюнча, алардын ден-соолугу жакшы.

16-майда мал союлган жердин кыртышында күйдүргү оорусу бар экендиги аныкталган. Аргасыз союлган малдын этин бөлүп алышкан таранбазарлык жана Жалалабаддык 195 адамга шашылыш түрдө антибиотикалык дарылар берилип, көзөмөлдө турат.

Облуста күйдүргү дартынын 155 очогу катталган.

XS
SM
MD
LG