Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Нарында айлык акы кечикти


НАРЫН. Облустун маданият тармагында эмгектенген кызматкерлер 300-500 сом өлчөмүндөгү айлык акыларын февраль айынан бери ала элек. Мындай маалымат облустук маданият тармагынын кызматкерлеринин 11-июндагы жыйынында айтылды. Жыйында ашар жолу менен бир нече клуб, китепкана, музейлер курулгандыгы, эл чыгармачылыгы тоолуу аймакта сакталып келаткандыгы белгиленди. Ошол эле учурда клубдардын 90 пайызынын үстүнөн тамчы тамып, 110 китепканада окуулары жоктугу, облуста маданият кадрларынын жетишсиздиги, эмгек акыларынын өтө төмөндүгү, жер-жерлердеги клуб, маданият кызматкерлери айыл өкмөттөрүнүн чабарманына айланып калгандыгы ачык айтылды. Жыйындын ишине Кыргыз Республикасынын маданият жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, профессор Муратбек Бегалиев катышты.

XS
SM
MD
LG