БИШКЕК. 14-июнда Стамбулда Ислам конференциясына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 31-сессиясы болору болжолдонуп жатат. Бул отурумга Кыргызстандан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков жетектеген делегация бармакчы. Сессия өткөн жылда уюм аткарган иштер талкууланат. Тышкы иштер министрлери мусулман мамлекеттеринин кызыкчылыгындагы маселелерди, региондогу, анын ичинде Ирактагы жагдайды талкуулашат. Отурумда уюмдун ишинин натыйжалуулугун арттыруу жаатына көбүрөөк көңүл бурулат. Сессиянын акырында Стамбул декларациясы кабыл алынаары күтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.