БИШКЕК. КМШ мамлекеттеринин энергетика кеңеши Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-июнда өткөн жыйында КМШ алкагында жалпы энергетикалык рынок түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды. Ага ылайык КМШнын энергетика базарлары бирдиктүү тартип жана стандарт боюнча иштеп, бир мамлекет экинчи мамлекетке электр энергиясын сата алат. Россиянын башкы энергетиги Анатолий Чубайстын билдирүүсүнө караганда, КМШ алкагында жалпы энергетика рыногу бир нече жылдан кийин иштей баштайт. Дүйшөмбү жыйынында андан сырткары энергосистемалардын синхрондуу иштеши, кышка даярдык да талкууланган. 11-июнда болсо энергетиктер КМШнын гидронэнергетика ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча илимий-практикалык конференцияга катышты.
Кыргызстандан жыйынга «Электр станциялар» акционердик коомунунун башкы директору Сагынбек Дордоев жетектеген делегация катышууда. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
Кыргызстандан жыйынга «Электр станциялар» акционердик коомунунун башкы директору Сагынбек Дордоев жетектеген делегация катышууда. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.