ЛИССАБОН. Футбол боюнча Европа чемпионатын көрүү үчүн Лиссабонго күйөрмандар келе башташты. Өлкөгө Англиядан кечээ бир миңге жакын күйөрман келди, дагы 30 миңдей күйөрмандын келиши күтүлөт. Чеимпионаттын тынч өтүүсүн камсыз кылуу үчүн полиция ири операцияларды жүргүзүүдө. 2300дөй кызуу кандуу күйөрман кечээ Британиянын чек арасынан токтотулду. Хулигандарды тынчытуу үчүн Португалиянын полициясы нашаа чеккен күйөрмандарды камабоону чечти. Бир жумага созула турган чемпионатта футболчулардын 16 командасы беттешет.