Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Америка Рональд Рейган менен коштошуп жатат

ВАШИНГТОН. Америкалыктар АКШнын 40-президенти Рональд Рейган менен коштошуп жатышат. Рейган өткөн ишембиде 93 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Маркумдун сөөгү койулган Капитолийде мамлекеттик аза күтүү каадасы өткөрүлүп, ага АКШнын президенти Жорж Буш, үч экс-президент, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн жетекчилери жана мурдагы СССРдин президенти Михаил Горбачев катышты. Аза күтүү каадасы Вашингтондун кафедралдык соборунда аяктайт. Маркум Калифорнияда жерге койулат.
XS
SM
MD
LG