Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Тоолуу Карабак жаңжалын чечүүгө тараптар жаңыча мамиле жасашат


БАКЫ. Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Мамадияров Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салууга тараптар жаңыча мамиле жасап жатканын билдирди. Министрдин айтымында, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан дипломаттар ар бир тараптын сунуштарын эске алган тынчтык пландын үстүнөн иштеп жатат. Бирок министр пландын майда-чүйдөсүн ачыктаган жок. Азербайжандын жана Армениянын Тоолуу Карабак маселеси боюнча өкүлдөрү июнь айында Прага шаарында жолугушат.

XS
SM
MD
LG