Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Иракта коопсуздукту камсыз кылуунун жоопкерчилиги өткөөл өкмөткө өтөт


ВАШИНГТОН. АКШнын президенти Жорж Буш 30-июндан баштап Ирактын коопсуздугу үчүн өлкөнүн өткөөл өкмөтү жооп бере турганын, бирок коалициялык аскерлер Ирак бийликтерине ар убак колдоо көрсөткөнгө даяр экенин билдирди. Жоржияда
"Чоң сегиздин" кезектеги саммиттинин жабылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Буш НАТОнун Иракта ыктымал ойной турган ролу жөнүндө мындай деп билдирди:

- НАТО Иракка көбүрөөк аскер жиберет дегенден алысмын. Мындайды эч ким да күтпөйт, сунуш да кылбайт. Биздин сунушубуз -НАТО Ирактын куралдуу күчтөрүн машыктырганга жардам берсе. Мындай өтүнүч менен Ирактын өкмөтү кайрылат,- деди Буш.

Саммиттин учурунда Франциянын президенти Жак Ширак НОТОнун Ирактагы миссиясына каршы чыгып, "Батыш аскердик альянсынын кийлигишүүсү "Христиан динин туткан Батыш менен мусулман динин туткан Чыгыштын ортосундагы жаңжалга" тамызгы болоорун билдирген.

"Чоң сегиз" тобуна Британия, Италия, Франция, Германия, Япония, Канада, АКШ жана Россия кирет.

XS
SM
MD
LG