Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Тони Блэрдин Лейбористтик партиясы катуу жеңилүүгө учурады


ЛОНДОН. Британияда өткөн жергиликтүү шайлоодо премьер-министр Тони Блэрдин Лейбористтик партиясы катуу жеңилүүгө учурады. Алдын ала алынган жыйынтыктар боюнча, партия жергиликтүү кеңештерде 210дон кем эмес орундан кол жууп калды. БибиСинин маалыматына караганда, шайлоочулардын кеминде 26 процентинин эле колдоосуна ээ болуп калган Лейбористтик партия популярдуулугу боюнча консерватолор менен демократтардан артта калды. Өлкөнүн ички иштер министри Дэвид Бланкет кечээги шайлоонун жыйынтыгын "өпкөнү үзө койгудай катуу сокку" деп баалап, өкмөттүн Ирак согушун колдоп чыккандыгы партиянын беделине өлчөөсүз зыян келтиргенин айтты.

Кечээ Британиянын шайлоочулары жергиликтүү өкмөттөрдү, Лондондун акимин жана Европарламентке депутаттарды шайлашты.

XS
SM
MD
LG