Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

ЕВРОПАЛЫК ФУТБОЛ КЛУБДАРЫ АЗИЯ БАЗАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ


Сапар Орозбаков, Прага шаары Футбол боюнча европалык чемпионат бүгүн Португалияда башталды. Ушул күндөрү европалык футбол клубдарынын тагдыры коомчулукту ойго салууда. Европада футбол биринчи кезекте бизнес болуп эсептелет. Буга чейин бул континенттин футбол клубдары акчанын басымдуу көпчүлүгүн Европанын өзүнөн таап келишкен. Эми алар кучу-кыйры көрүнбөгөн Азиянын базарын да өздөштүрө башташты...

Ыраакы чыгыш. Майдын үп болуп турган кечи. Гонконгдун стадиону жык-жыйма. Кичи (Kitchee) аттуу жергиликтүү команда Испаниянын атактуу “Миланы” менен беттешүү өткөрүп жатат. Кичинин күйөрмандары өздөрүнүн ак-көк түстүү желектерин булгалашып, сүйгөн командасын сүрөөнгө алышууда. Бирок алар өтө эле аз. Стадиондо Миландын кызыл жана кара түстөрү үстөмдүк кылат.

Азиянын башка шаарларынын тургундары сыяктуу эле, Гонконгдун футбол ышкыбоздору да Европа футболу дегенде ичкен ашын жерге коюшат. Жергиликтүү телеканалдар ар бир үй-бүлөнүн өз адамы болуп калган футбол жылдыздарын - Мадриддин “Реалында” ойногон Девид Бэкемди (David Beckham), “Ливерпулдун Майкл Оуэнин(Michael Owen), “Миландын” Паоло Малдинисин (Paolo Maldini) кудайдын куттуу күнү көрсөтүшөт.

Маркетингдин баркын европалыктар жакшы түшүнүшөт. Англиянын жогорку лигасында ойногон “Манчестер юнайтеддин” Азияда 100 жакын рестораны бар. Мадриддин “Реалынын” иши Бэкемди сатып алгандан бери өйдөлөгөндөн өйдөлөй баштады. Клубдун белгиси түшүрүлгөн ич кийимдерден тартып чөнтөк телефондорго чейинки товарларды азыр бүткүл Азиядан тапса болот.

Европалык клубдар азыр кантип күн көрүүнүн жаңы жолдорун издешүүдө. Футбол маселелери боюнча кеңеш берүү компанияларынын билдиришинче, алардын каржылык абалы оордой баштады. 1990-жылдары европалык клубдар өз командаларынын оюндарын көрсөтүү тууралуу телекомпаниялар менен келишим түзүшүп, көп акча токтошкон. Алар буга жараша өз оюнчуларынын да айлыгын көтөрүшкөн. Бирок телеканалдар банкрот болушуп, акча күткөндөй киреше ала алышпай, клубдарга мурдагыдай акча төлөп бере алышкан эмес.

Оюнчуларга көп акча төлөө футболдо ийгиликке жетишүүнүн эң негизги фактору болуп эсептелет. Клуб канчалык көп акча төлөп, жакшы оюнчу сатып алса, ал ошончолук жеңиштерге көп жетишип, кирешеси көбөйөт. Натыйжада ал андан да көп акча төлөп андан жакшы оюнчуларды топтойт. Англиялык “Челсини” өткөн жылы орусиялык магнат Роман Абрамович сатып алып, инвестиция салды. Мурда ортозаар клуб деп эсептелген “Челси” азыр өз оюнчуларына маянаны алдыңкы клубдардан кем бербейт.

“Делуат энд Туш”(Deloitte & Touche) консалтинг компаниясынын билдиришинче, мурда европалык клубдардын кирешелеринин 95% өз өлкөлөрүнөн түшчү. Алар азыр Азиядан инвестиция гана издешпестен, акча табуунун башка жолдорун да караштырууда. Лондондогу Кристалл Пэлис клубу (Crystal Palace club) Фан Жийи (Fan Zhiyi) жана Сан Жихай (Sun Jihai) өңдүү кытайлык футбол жылдыздар менен келишим түзгөндөн кийин саткан товарлары кескин көбөйүп, бир кезде эч кимге белгисиз команда азыр ар бир кытайлыктын үйүнөн орун тапты.

Европалык футбол Азиянын телекөрсөтүүсүнө да активдүү кирип барат. Англиянын жогорку лигасы өз оюндарын сыналгыдан көрсөтүү укугун сатып, түшкөн кирешени клубдар менен бөлүшөт. Оюндарды Азияда көрсөтүү укугу ESPN Star Sports' аттуу спорт оюндарын көрсөткөн телеканалга берилди. Телеканал Жогорку лиганын бир жума ичинде көрсөтүлгөн оюндарынын санын эки эсе көбөйтүп, 10го жеткирүүнү пландаштырып жатат.

Бирок Европа комиссиясы Жогорку лиганын мындай биргелешкен келишимдерин монополияга каршы мыйзамга кайчы келет деп тапты. Анткени клубдар өз алдынча келишим түзбөй, баары биригип бир келишим түзгөндө атаандашуу болбой, алар көрсөтүүнүн баасын каалагандай койо алышат. Мамлекеттик көзөмөлдү жокко чыгаруу биринчи кезекте Азиянын массалык маалымат каражаттары үчүн пайдалуу.
XS
SM
MD
LG