Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:07

Экономикалык шериктештиктин жыйыны болот


БИШКЕК. 17-июнда Казакстандын баш калаасында Евразия экономикалык шериктештигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болот. Ага Кыргызстандын бул уюмдагы вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, жыйында Сырдарыя жана Амударыянын суу-отун ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда кызматташуу, темир жол аркылуу жүк ташууда бирдиктүү тариф киргизүү жана банк тармагында кызматташуу маселелери каралат. Жалпысынан жыйындын күн тартибине 11 маселе киргизилген.

XS
SM
MD
LG