Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Жергиликтүү жамааттардын экинчи курултайы өттү


БАТКЕН. Айдаркен шаарчасында өткөн бул курултайга 478 делегат шайланган. Мындан тышкары Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын Баткен облусунан шайланган депутаттары, облуста иш жүргүзүп жаткан айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Облус губернатору Аскарбек Шадиев облустун 2004-2007-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсү жөнүндө кеңири билдирүү жасады. Анын айтымында, Баткен шаарынын борбордук көчөлөрү менен Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү жолду оңдоо иштери башталды. Жакынкы жылдарда облус борборуна табигый газ алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок, билим берүү тармагында өксүк көп: окуу куралдар жетишсиз, 9 мектеп имараты ремонтко муктаж, быйыл 492 мугалим мектептен кетип калды.

XS
SM
MD
LG