Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Ошто жаштардын коомдук-саясий кыймылы түзүлдү


БИШКЕК. Ош шаарында «Ойгон, Кыргызстан жаштары» аттуу коомдук-саясий кыймыл түзүлдү. Бул кыймыл жаштардын атуулдук, коомдук-саясий жигерин көтөрүү максатын көздөйт. Кыймылдын программасы жана иш планы 20-июнда боло турган жалпы жыйында талкууланып кабыл алынат. Бул тууралуу уюштуруу кеңешинин мүчөсү, «Учкун» гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев билдирди. Уюштуруу кеңешинде ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча федерациянын башчысы Тимур Камчыбеков, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Керим Макеев жана Ош мамлекеттик университетинин студенти Замирбек Божонов бар.

XS
SM
MD
LG