Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Райондук сот укук коргоочунун арызын канааттандырган жок


БИШКЕК. Бишкек шаарынын 1-май райондук соту бүгүн укук коргоочу Турсунбек Акундун жана Токмок шаарынын тургуну Сыдыгалиев Дербишаалынын арыздарын карап, алардын өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Сыдыгалиев Токмоктогу спорт залдын сатылып кеткендигине байланыштуу өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап буга чейин райондук расмий бийликке төрт ирет кайрылып, бирок макулдук ала алган эмес. Ушундай эле талап менен райондук бийликке укук коргоочу Турсунбек Акун да кайрылган. Кыргызстандын укук коргоо кыймылы 14-июнга белгиленген митингде бийликтен адам укуктарын сактоону жана мыйзам бузууларга жол бербөөнү талап кылмак. Райондук бийликтен колдоо таппаган укук коргоочу 9-июнда 1-май районунун акими Марс Саккараевди сотко берип, андан моралдык чыгым үчүн 20 миң сом өндүрүп берүүнү сураган. Эми ал 14-июнда шаардык сотко апелляциялык арыз жолдойт. Укук коргоочу ушул күнгө белгиленген митинг өткөрүү демилгеси да күчүндө экени тууралуу «Азаттыкка» бүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG