Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Маскөөдө эгемендүүлүк күнү белгиленди


Маскөөнүн Кызыл аянтында бүгүн Орусиянын эгемендүүлүк күнү белгиленип, оюн-зоок өткөрүлдү. Аянттагы жыйында президент Владимир Путин чыгып сүйлөдү: "Акыркы бир нече жылда биз бир топ татаал жана маанилүү максатка жеттик. Биз өлкөнү бириктирдик жана аны күчтүү кылдык, анын экономикалык абалын чыңдап, Орусиянын эл аралык сахнадагы турумун дагы бекемдедик". Майрамдоого биринчи президент Борис Ельцин дагы катышты. Орусия өзүнүн эгемендүүлүгүн 1990-жылдын 12-июнунда, СССР чачыраганга бир жарым жыл калганда жарыялаган.

Португалияда футбол боюнча Европанын чемпионаты башталды. Португалияда бүгүн Европанын футбол боюнча чемпионаты башталды, ага 16 улуттук курама команда катышууда, акыркы оюн 4-июлда өткөрүлөт. 11-июнда Португалиянын полициясы 15 шектүү адамды кармады, алардын бешөөнүн террордук топторго тийешеси бар деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG