Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, акыркы үч аптада Ооганстандагы кагылышууларда 80 куралчан адам өлтүрүлдү. Өлкөнүн түштүк жана түштүк-чыгышындагы Урузган менен Забул провинцияларында жашынган террорчулардын базаларына америкалык аскерлер абадан чабуул жасаган. Бүгүн Кабулга Кытайдан атайын эксперттик топ келди, анткени апта башында Ооганстанда 11 кытайлык кызматкер өлтүрүлгөн.