Пакистандын өкмөттүк аскерлери Түштүк Вазиристан провинциясындагы шектүү жайларды бүгүн абадан бомбалады. Ал жерде "ал-Каида" уюмунун базасы жайгашкан деген маалымат бар. Акыркы үч күндө болгон кагылышууларда бул аймакта 15 өкмөттүк аскер жана алар менен согушкан 40 жоокер өлдү. Жашыруун база провинциянын борбору Вана калаасынан 25 чакырым алыстыктагы Шакаи шаарынын алдында уюштурулган.