БИШКЕК. Келерки жумада Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын Сойе Линн баштаган өкүлдөрү келет. Алардын максаты кыргыз өкмөтү менен донор мамлекеттердин өз ара алакасын ирээтке салуу маселесин талкуулоо. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жолугушат. Андан тышкары ал банктын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан GSAC жана GTAC программалары боюнча байкоо салуучу миссиясынын жетекчиси Роланд Кларк менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда аталган программалардын мурда белгиленгендей деңгээлде ишке ашпай жаткан жагдайлары талкууга алынат.