Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Португалияда Европанын футбол боюнча чемпионаты өтүүдө


Бүгүн "Б" тобунан азыркы чемпион Франция менен Англия беттешет. Оюнга англиялык 30 миңдей күйөрман катышаары күтүлүүдө. Мелдештин коопсуз өтүшүн камсыздоо максатында стадиондун ичин эле 600 жүздөй полицей кайтарат. Бүгүн ошондой эле "Б" тобунан Хорватия менен Швейцария да беттешет. 16 команда катышып жаткан чемпионат кечээ ачылды. Алгачкы күнкү оюнда "А" тобунан Испания Орусияны 1-0 эсебинде, ал эми Греция конок ээси Португалияны 2-1 эсебинде утуп алды.

Кечки жаңылыктарды даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG