Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Саудияда америкалык бир атуул киши колдуу болуп, экинчиси уурдалды


АКШнын Саудиядагы элчилиги да Кеннет Скроггс аттуу адам киши колдуу болгонун ырастап, дагы бир америкалык уурдалганын маалымдады. Исламчылардын интернеттеги сайтына чыгарылган билдирүүдө бул үчүн "ал-Каида" уюму жоопкер болду. Билдирүү уюмдун Аравия жарым аралындагы бөлүмүнүн атынан жасалган. Анда уурдалган америкалыктын ысымы Пол Жонсон экени айтылып, анын паспортунун көчүрмөсү кошо чыгарылды.
Саудиядагы тактынын мураскору, ханзаада Абдулла өткөн түнү өкмөт адамдары менен болгон жолугушууда исламчыл экстремисттерди ооздуктоо зарылдыгын белгиледи:

-Мен сиздерге ишенем жана дагы бир жолу кайталайм. Эгер сиздер кокустан дининен чегинген, болбосо ага залал келтире баштаган же экстремисттик маанайдагы адамдар жөнүндө билип калсаңар аларды токтотуп, менин өзүмө алып келгиле.

Ушуну менен Саудияда акыркы бир аптанын ичинде эле батыштык үч адам өлтүрүлүп олтурат. Дагы бир америкалыкты өткөн шейшемби күнү атып кетишкен. АКШ өз жарандарына коопсуздук жүйөөсүнөн улам Саудиядан кетүүнү мурда эле эскерткен болчу. Бүгүн Британиянын тышкы иштер министрлиги да өлкөнүн Саудиядагы элчилигинде маанилүү эмес жумуштарды аркалаган кызматкерлердин кетүүсүнө уруксат бергенин жарыялады. Ал эми " British Airways" компаниясы Лондондон Эр - Рияд жана Жидда шаараларына түз каттамдарын токтотту.

XS
SM
MD
LG