Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Ирактагы кол салуулардан бир нече адам мерт болду


Башкалаа Багдадда бүгүн америкалык аскерлердин казармасынын жанында жанкечти айдаган автоунаанын жарылуусунан такталган маалыматтар боюнча жети адам мерт болду. Ал эми эртең менен өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маданий байланыштар боюнча департаментинин башчысы Камал ал-Жаррахты өз үйүнөн чыккан соң атып кетишти. Багдаддагы "Ярмук" ооруканасынын дарыгери Хада ал оор жаратынан улам көз жумганын билдирди:

-Камал ал –Жаррах эртең мененки саат 7:35те өтө оор абалда алынып келинди. Биз аны ооруканынын реанимация бөлүмүнө жаткырдык. Ал бир жарым минуттан соң көз жумду. Биз биринчи жардамды да көргөзө алган жокпуз. Ал көкүрөгүнө, ичине, колу- бутуна оголе көп ок жеген.

Мунун алдында эле кечээ согушкерлер Ирактын тышкы иштер министринин орун басары Бассам Салих Куббаны атып кетишкен болчу. Ал эми Багдаддан түндүк тараптагы Тажи шаарында америкалык бир аскер мерт болуп, экөөсү жаракат алды. Ал эми Сирияга чектеш ал-Каим деген жерден АКШ баштаган коалиция каржылаган "ал-Иракия" телеканалына иштеген эки адамды атып кетишкен.
"Франс пресс" агенттигинин кабарына караганда, өткөн түнү Багдаддын Садр шаар деген районунда америкалык аскерлер менен атышуудан алты ирактык каза тапкан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG