Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Экс-президент Жорж Буш туулган күнүн белгиледи


АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш жекшемби күнү 80 жашка толду. Ал туулган күнүн 4 миң метрдей бийикте учуп бараткан самолеттон парашют менен секирип белгиледи. Улуу Жорж Буш парашют менен Техас штатындагы College Station шаарчасындагы өзүнүн президеттик китепканасынын жанындагы майданга келип түштү.
Ал оболу парашюттан жалгыз өзү секирмек. Бирок катуу шамалга байланыштуу АКШ армиясынын парашютчусу менен чогуу секирди.

Кошмо Штаттардын азыркы президенти кенже Жорж Буштун атасы 75 жылдыгында да парашюттан секирген.

XS
SM
MD
LG