Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ Вашингтондо сүйлөп, Сауд Арабияда иштеген чет элдиктерге каршы өтө олуттуу кол салуулар болорун эскертти жана эки жак терроризмге каршы чогуу күрөшүүдө деди.
Ишемби күнү Эр-Риядда бир америкалык өлтүрүлүп, башка бирөө уурдалган эле. Пауэллдин билдиришинче:
-Биз америкалыктын өмүрү кыйылганына өтө капабыз жана уурдалган жарандын өмүрү үчүн аябай тынчсыздануудабыз. Аны аман-эсен куткарып алуу үчүн Саудиянын бийликтери менен иштешүүдөбүз. Сауд Арабиясындагы жагдай азыр өтө катаал жана саудиялыктар терроризмдин коркунучун басуу үчүн колунан келген иштин баарын жасашууда.