Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:58

Ирак өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн өмүрү коркунуч астында


Ирактын жаңы өкмөтү менен кызматташкан ирактык ырасмий адамдарга каршы чабуулдар улана берээрин Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс эскертишти.

Акыркы эки күндө Ирак өкмөтүнүн мартабалуу эки мүчөсүнө кол салынды.

Пауэлл жекшемби күнү АКШ телеканалына берген интервьюда бүтүндөй Ирак өкмөтүн коргоо кыйын болоорун билдирди. Райс айымдын сөзүнчө, чабуулдар “Ирактын жаңы өкмөтүн түздүрбөөнү көздөйт”.

Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөнү 30-июндан тартып башкара баштайт.

АКШлык аскерлердин маалымдашынча, жекшемби күнү Багдаддагы америкалык аскерий базанын жанында машинечен жанкечти жардырган бомбадан бери дегенде 12 киши набыт болду.
Багдаддын түндүгүндөгү чабуулда бир америкалык жоокер окко учуп, дагы эки жоокер жарадар болушту.

XS
SM
MD
LG