Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Европарламентти эми орточул партиялар бийлейт


Евробиримдикке мүчө 25 өлкөдө Европарламентке шайлоо өттү. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, Британияда, Германияда, Францияда, Швецияда, Чехияда, Польшада, Словакияда, Мажарстанда, Балтика өлкөлөрүндө жана Скандинавияда шайлоочулар башкаруучу партияларды эмес, оппозициялык партиялар үчүн көбүрөөк добуш беришти. Испанияда гана башкаруучу Социалисттик партия жеңишке жетти.

Европарламенттеги 732 орундун көбүн оппозициялык партиялар, андан кийин социалисттер, либерал-демократтар жана жашылдар алат деп болжолдонууда.
Евробиримдикке 1-майда кошулган өлкөлөрдө добуш берүүгө шайлоочулардын 30 проценттен азы, анын ичинде Польшада 20 проценти катышты.
Ал эми Батыш Европанын 15 өлкөсүндө шайлоочулардын 45 проценти шайлоого келди.

XS
SM
MD
LG