Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Нарын облусунда жаңы коомдук уюм каттоодон өттү


НАРЫН. Бул коомдук бирикме "Эл чыгармачылыгы, руханий дөөлөт" деп аталат. Бирикменин жетекчиси Тойчубек Айдаралиевдин айтымында, анын башкы максаты - аймактагы ыр, проза жана драма жазууга дилгирленген чыгармачыл адамдардын, айрыкча жаштардын башын бириктирип, алар жараткан эмгектерин элге жеткирүү. Андан тышкары поэзия сүйүүчүлөр ийриминен өнүп чыккан бирикме авторлордун чыгармаларын буклет, альманах жана китеп кылып чыгарууну, соода үйүн, консультациялык маалымат борборун уюштурууну жана фонд түзүүнү негизги милдеттерден деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG