БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан 14-июнда алынган маалыматка караганда, илдетке Баткен районундагы Кызылбел айылынын көп чалдыгышкан. Бүгүнкү күнгө дейре аталган айылдын 49 тургуну ичкелте менен ооруду деп шектелип, алардын 19у ооруганы аныкталды. Учурда оору мындан ары жайылып кетпеси үчүн алдын алуу чаралары көрүлүп, эмне себептен чыкканы такталууда. Баткен районунда акыркы эки жылдан бери ичкелте илдети токтобой жатат. Өткөн күздө дагы мындай жугуштуу илдетке жүз чакты, ал эми быйылкы жылдын өткөн беш айында 21 адам кабылган. Адистердин пикирине караганда, оорунун көп чыгуусуна аймакта таза суунун таңсыктыгы жана санитардык эрежелердин так сакталбаганы себеп болууда.