Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Аялдарды коргоо уюму Жогорку аскер сотун калыстыкка чакырды


БИШКЕК. Аялдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган «Сезим» кризисттик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Жогорку аскер сотунун төрагасы Бактыбек Батырбаевге кайрылуу жолдоду. Анда Жогорку Аскер сотун Жетиөгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы милиционери Нурбек Эстебесовго каршы ачылган кылмыш ишин калыс карап, акыйкат чечим чыгарууга чакырды. Андан тышкары эки жылдан бери улам бир сотто каралып келаткан бул иш бир жактуу териштирилип, төмөнкү баскычтагы аскер соттору мыйзам бузууларга барып жаткандыгын билдирди. «Сезим» кризисттик борборунан алынган маалыматка караганда, милиционер Нурбек Эстебесовдун аялы Искра Алдаярова киши колдуу болуп өлгөн жана анын туугандары өлүмгө күйөөсүнүн тиешеси бар деп шектенишип, сотко кайрылышкан. Бирок, кылмыш иши аял өзүн-өзү өлтүргөн деп ачылып, Балыкчы гарнизондук аскер соту Эстебесов аялынынын ден соолугуна зыян келтирген деген бүтүмгө келип, ага бир жарым жылдык түрмө жазасын берген. Буга Алдаярованын ата-энеси нааразы болуп, Жогорку аскер сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG