Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Президент Улуттук банктын кызматкерлери менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда өлкөнүн банк системасындагы абал боюнча сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө банк системасы кризистен арылганын, бирок банктардын капиталынын аздыгын белгиледи. Президенттин айтымында, элдин акчасын банктарга тартуу үчүн «Депозиттерди коргоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу зарыл. Мамлекет башчы ошондой эле шайлоолордун алдында банк системасынын туруктуу иштөөсү зарыл экендигин баса белгиледи. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановго кайрылган мамлекет башчы өлкөнүн негизги банкын реформалоо убагы келгенин, тактап айтканда, башкармалыктагы кызматкерлерди кыскартуу, башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу багытында кадамдар жасалышы керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG