БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясын карай баштады. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаковдун айтымында, жаңы мыйзам кадр саясатындагы азыркы баш аламандыкты токтотууга багытталган. Долбоорго ылайык, мамлекеттик кызмат мындан ары саясий жана административдик болуп бөлүнүп, мамлекеттик органдарга мамлекеттик катчы деген кызмат орун киргизилет. Мамлекеттик катчылардын милдети мамлеттик органдагы аппараттын туруктуу иштешин камсыздоо. Мамлекеттик катчы президент тарабынан дайындалат жана ал өкмөт алмашканда кызматтан кетпейт. Жалпы кадрдык саясат болсо Мамлекеттик кызмат иштери боюнча улуттук комиссия тарабынан көзөмөлдөнөт. Анын жетектөөчү органы мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш болмокчу. Кеңешти президент жетектеп, ага Жогорку Кеңештен, Жогорку Соттон жана өкмөттөн өкүлдөр кирет. Мыйзам долбоорун талкуулоо шейшемби күнү уланат.