Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:07

А.Сегизбаев: «Парламенттин айрым депутаттары мыйзамдарды өз кызыкчылыгына жараша карайт»


БИШКЕК. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мыйзамдарга элдин өкүлү катары эмес, өз кызыкчылыктарына жараша мамиле жасашат. Муну президенттин сөз эркиндиги менен массалык маалымат каражаттарынын укугун коргоо үчүн сунуш кылган мыйзамдарды депутаттардын кабыл албай койгондугу айгинелейт», деп билдирди. Андан тышкары, ал депутаттардын бул чечиминин кесепетин журналисттер көпкө чейин сезишээрин кошумчалады.

Президент Кылмыш кодексинин 127-беренесиндеги ушак-айың таратты деген кине менен журналисттерди жоопко тартууга негиз берген экинчи, үчүнчү пункттарын жана 128-берененин үчүнчү пунктун алып салууну сунуштаган.

Андан тышкары редакциядан же журналисттен доогер талап кылган айыппулдун 5 процентин мамлекеттик жыйым катары алдын-ала төлөсүн деген жобону «Мамлекеттик жыйым» жөнүндөгү мыйзамга киргизүүнү сунуш кылган.

Мыйзам долбоорун колдоп, палатанын 22 гана депутаты добуш берип, ал өтпөй калган.

Абдил Сегизбаевдин билдирүүсү боюнча, парламент президенттин сунушун ушуну менен төртүнчү жолу колдогон жок. Ага карабастан эми аны алты айдан кийин кароого кайра жолдойт.

XS
SM
MD
LG