Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Франция Англияны утуп, Швейцария менен Хорватия тең чыкты


Португалияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты башталганына 3 күн болду. Кечээ 2000- жылдагы чемпион Франция Англияны 2 : 1 эсебинде жеңип алды. Эки топту тең акыркы мүнөттөрдө Зинедин Зидан киргизди. Англия утулгандан кийин Лондондун көчөлөрүндө башаламандыктар болду. Жан тартып отурган күйөрмандар арданып көчө боюндагы дүкөндөрдү талкалай башташкан. Лондон полициясы тартип бузган 400гө чукул күйөрманды араң токтотуп, 12 адамды камаганга мажбур болду. Ал эми кечээ Швейцария менен Хорватия 0 : 0 эсебинде тең чыгышты. Бүгүн болсо Италия менен Дания таймашса, андан кийин Швеция менен Болгария беттешет.

XS
SM
MD
LG