Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Күрттөр абактан чыккан депутаттарын тосуп алууда


Түркияда миңдеген күрттөр чогулуп көчөгө чыгышты. Алар абактан чыккан төрт депутатты тосуп алуу үчүн жөө жүрүш жасашууда. Айрым маалыматтарга караганда, Түркиянын түштүк чыгышындагы Дыярбакыр аймагында 20 миңге чукул күрт чогулган. Түрмөдөн чыккан депутаттардын бири Нобел сыйлыгына көрсөтүлгөн Лейла Зана күрт көтөрүлүшчүлөрүнөн түрк аскерлери менен бейпилдиктин мөөнөтүн узартууну суранды.

Эскерте кетели, парламенттин төрт депутаты 1994-жылы күрт көтөрүлүшчүлөрү менен карым-катышта болгону үчүн депутаттык кол тийбестигинен ажыратылган. Төртөө тең абакта он жыл отуруп чыгышты.

XS
SM
MD
LG