Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Ырасмий Исламабад өз жерин “Ал-Каидадан” тазалоодо


Пакистандын куралдуу күчтөрү “Ал-Каидага” каршы атайын аскердик операция соңуна чыкканын жарыялады. Ооганстан менен чектеш аймакта “алкаидачылар” деп шектелгендерди тазалоо операциясы 5 күнгө созулган. Пакистандын ички иштер министри Файсал Салих Хайат теле аркылуу мындай деди:

- Биздин коопсуздук кызмат мурда болуп көрбөгөндөй жортуул жасап, терроризмге каршы чабуулда чоң ийгиликке жетишти деп айта алам. Бул күчтөр бүтүндөй өлкөнү коркунучка кептеп аткан. Өткөн аптада Карачиде кароол бөлүмдүн командачысына кол салган да ушулар болчу.

Пакистан куралдуу күчтөрүнүн өкүлү генерал Шаукат Султан билдиргенге караганда, өткөн аптада коопсуздук кызматтын 15 адамы өлтүрүлгөндөн кийин ушундай жортуулга баруу чечими кабыл алынган.

5 күндүн ичинде “алкайидачы” деп шектелген 72 согушчан набыт болуп, Пакистандын 17 аскери окко учкан.

XS
SM
MD
LG