Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Иран МАГАТЭ менен кызматташуунун шартын атады


Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази өлкөнүн ядролук программасы тууралуу Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭге болгон маалыматтын баары берилгенин дүйшөмбү күнү маалымдады.

Андан бир саат илгери МАГАТЭнин директору Мохамед ал-Барадейи Иракты эл аралык агенттик менен кеңири кызматташпай жатат деп күнөөлөгөн эле.
Харазинин айтымында:

- Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен анын вазийпасынын чегинде кызматташууну токтотпойт.

Ак Үйдүн өкүлү Скот МакКлеллан Ирандын Улуттар Уюмунун инспекторлору менен кызматташуусу Вашингтонду өтө эле тынчсыздантып жатканын билдирди.

Кошмо Штаттары Иранды ядролук программасын өнүктүрүүдө деп күнөөлөп келет. Иран айыптоону четке кагып, анын ядролук программасы электр энергиясын өндүрүүнү гана көздөөрүн айтып жүрөт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG