Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Нарында кошуп жазуу күч


НАРЫН. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар айыл өкмөттөрдү жалган маалыматтарды айтууга мажбур кылууда. Мындай билдирүүлөр 15-июнь күнү болгон "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери" аттуу семинарда айтылды. ПРООНдун Нарын облусундагы адиси Бакыт Эгенбердиевдин «муниципиалдык кызматкерлер өздөрүнүн милдет укуктары тууралуу мыйзам актыларды 10-15 пайызга гана билет» деген бүтүмүнө бир катар айыл өкмөт башчылары макул болушкан жок. Алардын айтымында, жогорудан келген бардык иш кагаздар аткарылат. Көйгөй облустук жана райондук бийликтин күчкө салып башкаруусунан улам айыл өкмөттөр жасалмаланып, иштеп жаткан түр көрсөтүүгө аргасыз болушууда, - дешти айрым айыл өкмөттөр.

Ал эми Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөт башчысы Алтымыш Мамбетисаев мамлекеттик гарантиянын жоктугун белгилеп, «биз жогору жактын айтканын аткарган артистпиз» деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG