Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Президентти колдоо фонду түзүлгөнү айтылууда


БИШКЕК. «Агым» гезитинин бейшембиде жазганына караганда өткөн жумада Бишкекте президент Аскар Акаевди колдоо фонду түзүлдү. Аткаминерлер ага акча жыйноо аракетин жана референдум өткөрүү максатында жарандардын колдорун топтоону баштады. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров бул фонд тууралуу дүйшөмбү күнү палата отурумунда маселе койгондо президенттик администрациянын төрагасынын орун басары Болот Жанузаков андай фонд тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG