БИШКЕК. Бүгүн Аксы райондук соту 2002-жылдын 17-18-мартындагы каргашада окко учкандардын ата-эне, туугандарынын граждандык тартипте берилген доо арызын карай баштады. Бул тууралуу жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков Кербенден маалымдады. Анын айтымында, Аксы окуясына күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок. Ошондон улам жабырлануучулар сотко граждандык тартипте кайрылышты. Алар моралдык зыянды компенсациялоо үчүн ар бир үйбүлөгө 2 миллион сомдон, ал эми материалдык зыян үчүн 500 миңден 1 миллион сомго чейин төлөп берүүнү өкмөттөн талап кылган.
Райондук сотко Аксы окуясында окко учкан беш баланын төртөөсүнүн жакындары февраль айында кайрылган. Сотто жоопкер катары Бишкектен барган өкмөттүн эки өкүлү катышууда. Кербенде бул маселе боюнча сот жараяны жүрүп жатканын ишти карап жаткан райондук соттун төрагасы Алтымыш Маткасымов ырастады.