ТЕГЕРАН. Ирандын президенти Мохаммад Хатами Британия, Франция жана Германиядан Иранды кысмактоону токтотуусун талап кылды. Бул өлкөлөр Эл аралык атомдук энергия агенттигинин кароосуна Иранды ядролук программасы жөнүндөгү маалыматарды жашырып-жапкандыгы үчүн сынга алган резолюция долбоорун сунуш кылышкан. МАГАТЭнин башчысы Эл-Барадей да Иран БУУнун курал инспекторлору менен жетиштүү деңгээлде кызматташпай жатат, деген пикирде.