ТЕГЕРАН. Еврошаркеттин өкүлдөрү менен Иран адам укуктары маселесине байланыштуу консультацияларын жандантышты. Тегеранда өтүп жаткан сүйлөшүүлөр акыркы эки жылда болгон талкуулардын төртүнчүсү. Диалог Евросоюздун Иран менен ядролук куралдарды таркатпоо, Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу жана террорчулукка каршы күрөшүү жаатындагы сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Диалогдун тарапкерлери сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Иран өлүм жазасына тартуунун айрым түрлөрүнө мораторий киргизип, түрмө туткундарын кыйноого тыйуу салгандыгын айтып жатышат.