Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Блэр Ирак согушу лэйбористтердин беделин түшүргөнүн мойнуна алды


ЛОНДОН. Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр анын партиясынын өткөн жумадагы утулушун өкмөттүн Ирак согушун колдоп чыккандыгы себеп болгондугун мойнуна алды. Бирок ал Саддам Хусейиндин режимин бийликтен кулатуу үчүн АКШ баштаган согуш мыйзамдуу болгондугун кайталады:

- Эл аралык коомчулуктан бөлүнүп калган режимдер жана кыргын салуучу куралдар 21-кылымдын коопсуздугуна чынында эле коркунуч келтирет, биз булар менен арпалышууга тийишбиз. Биз этибарга албай койгондон кооптуу жагдай өзүнөн-өзү эле жөнгө салынып калбайт. Ошон үчүн Саддамды бийликтен кетирүү үчүн жасаган аракетибиз мыйзамдуу болгон деп ойлойм. Туура иш кылганыбызды мезгил көрсөтөт.

Блэр бул билдирүүсүн Европарламент менен жергиликтүү бийликке өткөн жумада болгон шайлоодон кийин берген алгачкы пресс-коференцияда жасады. Шайлоо Блэрдин Лейбористик партиясы бир топ тарапкерлеринен кол жууп калганын айгине кылды.

XS
SM
MD
LG