Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Саддамдын сотунун айланасындагы пикирлер


БАГДАД. Ирактын өткөөл мамлекет башчысы Гази Ал Йавар Багдад Саддам Хусейиндин коопсуздугун кепилдөө жана адилет сот жараянын камсыз кылуу маселелерин чечкен соң, Америка экс-президентти Иракка өткөрүп бере турганын билдирди. Мындан мурда баардык туткундар ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүлүп бериле турганын Ирактын өкмөт башчысы Ийад Аллави да билдирген эле. Бирок Американын бийликтери 5000дей туткунду түрмөдө кармап туруу ниети бардыгын, анткени алар 30-июндан кийин коалициялык аскерлерге коркунуч жаратышы ыктымал экенин билдирет. Кечээ эл аралык Кызыл чырым уюмунун өкүлү коалициялык бийлик Саддамга каршы же кылмыш ишин козгоп, же аны койо берүүгө тийиш, деп билдирген.

XS
SM
MD
LG