Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Cаддам Хусейн 30-июндан кийин Ирактын өкмөтүнө өткөрүп берилет


АКШ президенти Жорж Буш 30-июнда бийлик ирактыктардын өзүнө өткөндөн кийин Саддам Хусейн Ирактын жаңы өкмөтүнө берилет деп убада кылды.
Буш кечээ Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө бирок Саддамды өткөрүп берүү мөөнөтүн так айтпады.

Дүйшөмбү күнү эл аралык Кызыл чырым уюму АКШ башындагы коалициялык бийликтер Саддамга каршы кылмыш ишин башташы керек же Ирактын күнкорсуздугу калыбына келтирилгенден кийин аны койо бериши шарт деп билдирген эле.

Ирактагы америкалык администрациянынын өкүлү Дэн Сенор шейшемби күнү Багдадда жасаган билдирүүсүндө:


- Эки тарап тең Саддам Хусейнди ирактыктарга өткөрүп берүүгө кызыктар. Маселе анын мөөнөтүндө болууда. Ал жөнүндө биз ушу тапта Ирактын премьер-министри менен талкуулап жатабыз. Бул сүйлөшүү эмес, талкуу. Биздин максатыбыз окшош.

Дэн Сенор ошондой эле Ирактагы калабалар басылмайынча Саддам согуш туткуну катары кармала бериши мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG