Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Баткен менен Согди облусунун чектеш аймакта достук фестивалы өттү


БАТКЕН. Лейлек районунун Раззаков жана Тажикстандын Исфара районундагы Ворух айылдарында өткөн бул достук салтанаты Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын эки өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулду. Коңшу жашаган эки элдин ынтымагын, достук мамилелерин чыңоо, жеткинчектерге бири-биринин маданиятын таанытуу максатын көздөгөн бул иш чара Баткен жана Согди облустарынын чектеш жайгашкан төрт айылынын үч жүз окуучусу, мындан сырткары, жергиликтүү бийликтин, айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда эки элдин ыр, бийлери жаңырып, кыргыз-тажик балдарынын улуттук кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөлөрү уюштурулду. Ошондой эле, түрдүү сынактар, спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

XS
SM
MD
LG